Милиция чет элдик студенттерге түнкүсүн көчөгө чыкпоону сунуштады

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окуп жаткан чет өлкөлүк студенттер. Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери чет элдик студенттер менен жолугушуп, мыйзамдардагы өзгөчөлүктөр, өлкөдө жүрүү эрежелери, укук бузуулар үчүн жоопкерчилик тууралуу айтып беришти. Коомдук жайларда жүрүм-турум нормаларын сактоону сунушташты.

Милиция кызматкерлери чет элдик жарандарга каршы жасалган кылмыштардын көбү кечинде болорун белгилеп, түнкүсүн көчөгө чыкпоону сунуштады.

Буга чейин президенттин администрациясы Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, өлкө аймагындагы чет өлкөлүктөрдүн коопсуздугун жана мүлкүн коргоо боюнча нормаларды иштеп чыккан.

Анда чет элдиктерди карактагандарды, аларга зыян келтиргендерди же уурдагандарды 15 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталган.

Мыйзам долбоору быйыл май айында Бишкекте чет өлкөлүк студенттерге кол салуудан кийин иштелип чыккан.

Кыргызстанда соңку жылдары Индия, Пакистан, Бангладештен келген эмгек мигранттары көбөйдү. Алардын көпчүлүгү кызмат көрсөтүү жана тигүү цехтеринде эмгектенет.

Министрлер кабинети 2024-жылга карата чет элдик жарандарга Кыргызстанга келип иштөөгө 25 миң квота бекитип берген. Өкмөт бул квоталар жумушчу күчү тартыштыгынан улам ишкерлердин өтүнүчү менен көбөйтүлгөнүн айткан.

Мындан сырткары Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 70 миңден ашык чет элдик студент билим алат. (КЕ)

Дагы караңыз

Казакстанда камактагы журналист Мухаммедкарим өз өмүрүнө кол салдыЗеленский Орусияда туткунда алты украин шаарынын мэри кармалып турганын билдирди5-декабрь: Сириянын Хама шаарын козголоңчулар ээледи, биткоин баасы 100 миң доллардан аштыРумыниядагы шайлоо: ЕБ ТикТокту маалыматтарды өчүрбөөгө милдеттендирди