Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу алгачкы беттешинде жеңишке жетип, чейрек финалга чыкты. 1-августка караган түнү Сейитбек уулу 57 килограммга чейинки салмакта 1/8 финалда 2023-жылдагы дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси, кубалык Орта Родригес дел Рэй Сайдел Иванды 3:2 эсебинде жеңди. Эми ал 4-августка караган түнү чейрек финалда АКШ мушкери Жамал Харви менен беттешет.
Мунарбек Сейитбек уулу 28 жашта. Бокс боюнча 2023-жылдагы Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. Испанияда өткөн Boxam эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү (2024-ж.). Жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медал уткан (2018-ж.). Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Жайкы Олимп оюндарына алгачкы жолу катышууда.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Мунарбек Сейитбек уулу: "Элимдин ишеничин актасам"
Кыргызстандан бул Олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышат. (ECh)
Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.
Дагы караңыз Париж-2024: Сейитбек уулу чейрек финалга чыкты, үч казак мушкери жеңилди