Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Михайловка айылында Жыргалаң суусуна түшүп кеткен эки кыздын биринин сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каргаша 18-майда болгонун кабарлаган жана ошондон бери издөө жүрүп жаткан.
"Жергиликтүү тургундар 2016-жылы туулган Т.С. аттуу кыздын сөөгүн табышты. Экинчи, Т.С. аттуу алты жашар кызды издөөгө министрликтин 11 куткаруучусу, төрт суучул жана жергиликтүү тургундар тартылган. Издөө ууланып жатат",-деп жазылган маалыматта.
ӨКМдин маалыматына ылайык, былтыр 95 адам сууга агып же чөгүп каза болгон, анын ичинен 36сы 12 жашка чейинки балдар болгон.
Жыргалаң суусуна түшүп кеткен эки кыздын биринин сөөгү табылды
Сууга чөгүп кеткен кыздарды издөө учуру.