Азия кубогу - 2023: Кыргызстан Тайландга жеңилди
Кыргызстандын улуттук курама командасы Тайланддын футболчулары менен беттешип, 0:2 эсебинде жеңилди.
Оюнда эки голду тең Тайланддын чабуулчусу Супачай Чайдет (26-мүнөт, 48-мүнөт) киргизди. Беттеш Доха шаарындагы Абдулах бин Халифа стадионунда өттү.
Кыргызстандын футболчулары Тайланд менен буга чейин 2001-жылы беттешкен. Анда Кыргызстандын курамасы 3:1 эсебинде утулуп калган.
Азия кубогуна даярдануу үчүн кыргызстандыктар жалпы төрт жолдоштук беттеш өткөрүп, Өзбекстанга 4:1, Бириккен Араб Эмираттарынын курамасына 1:0 менен утулса, Сирия менен тең ойноп, Вьетнамды 2:1 эсебинде жеңди.
Азия кубогунда 24 улуттук курама команда атаандашууда. Жалпы алты тайпага төрттөн курама бөлүнгөн. 51 оюн Катардагы тогуз стадионда өтөт.
Тайланд курамасы FIFA тизмесинде 113-орунда турат. Тайлар Азия Кубогуна 1972-жылы катышып, ошол жылы үчүнчү орунду ээлеген. Өткөн Азия Кубогунун 1/8 финалында Кытай курамасына 2:1 эсебинде жеңилип, мелдештен четтеген.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФА рейтингинде 98-орунда турат.
12-январда башталган мелдеш 10-февралга чейин уланат. Тайпалык оюндар 25-январга чейин өтөт. Ар бир тайпадан экиден команда жана үчүнчү орунга ээ болгон төрт мыкты команда плей-оффко же болбосо 1/8 финалга жолдомо алат.
Кыргызстан курамасы F тайпасында ойнойт. Эми 21-январда Сауд Арабиясы, 25-январда Омандын оюнчулары менен беттешет.