26-октябрда Жалал-Абад шаарында Баткен окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасына анын катышуучулары, калаа жетекчилиги жана апаатта каза болгондордун жакындары катышты.
Баткен согушунун ардагерлерине президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан бөлүнгөн 20 миң сом акча жана Ардак грамоталар тапшырылды.
Баткен коогасына Жалал-Абад шаарынан 84 жоокер барып, 12си курман болгон.
Ушул эле күнү Талас шаарында да Баткен согушунун курмандыктары эскерилди. Курман болгон жоокерлердин эстелигене гүлчамбар коюлуп, концерттик программа уюштурулду.
Талас шаары. 2022-жылдын 26-октябры
Баткен согушуна Талас облусунан 200дөн ашык жоокер барып, төртөө курман болгон.
«Өзбекстан ислам кыймылынын» (ӨИК) террордук согушкерлери менен Кыргызстандын аскерлеринин 1999-2000-жылдагы кагылышуусу аяктаганына 26-сентябрда 22 жыл болду. Ал «Баткен согушу», «Баткен окуясы», «Баткен коогалаңы» деген ат менен тарыхта калды. Анда 53 адам курман болуп, 130дан ашыгы жараат алган. (TB/MtK)