Күн табы менен иштеген жылуулук борбору ишке кирди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Бишкекжылуулукэнерго" жылуулук борборунун Бишкектин түштүгүндөгү Орто-Сай айылында күндүн табы менен иштеген жылуулук борбору ишке кирди. Бул борбор калаадагы күн табы менен иштеген экинчи жылуулук борбору. Орто-Сай айылындагы борбордо 1,4 кВт сааттык кубаттуулуктагы 120 панел орнотулган. Күн батарейкалары 0,2 гектар жерде 8 метр бийиктикте орнотулган. Панелдердин жогорку жылуулук температурасы 90-120 градуска чейин чыгат.