Шайлоо: төрт талапкер биригеби?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Өзгөн районундагы жолугушуусуна "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери, президенттикке ат салышып жаткан Адахан Мадумаров да катышты. Ал биригүү идеясын көтөргөн менен көпчүлүк күткөн убаданы берген жок. Шайлоочулар Мадумаровдун сөзүн ар кандай түкшүмөлдөп кала беришти.