Ошто террорчулукка каршы акция өттү
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
3-майда Ош шаарында миңге чукул адам террорчулукка каршы жөө жүрүшкө чыкты. "Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, акциянын катышуучулары шаардагы өздөрү жашаган көчөлөрдөн чогулуп, башкы аянтка чейин басышты. Ал жерде террорчулуктун кесепеттери тууралуу баяндар жасалды. Жөө жүрүштү Ош шаарындагы аймактык кеңештер уюштурган. Ага мэриянын, социалдык мекеме-ишканалардын кызматкерлери, студенттер, жаштар катышты.