19-декабрда президент Путиндин кечирими менен 11 жылга чукул түрмөдө отурган Михаил Ходорковский эркиндикке чыкты. Бир кезде “Орусиядагы эң бай адам” деп саналган, ЮКОС мунай компаниясынын мурунку жетекчиси менен анын орун басары Платон Лебедев 2003-жылы “салык төлөөдөн качкан жана көз бөёмочулук кылган” деген айып менен камакка алынган. Алар 2010-жылы “арам акчаны адалдоо” айыбы боюнча дагы бир жолу соттолгон.
Ходорковский: бизнес, түрмө, эркиндик

6
Ходорковский камалардан бир ай мурда ЮКОСтун штаб-квартирасында отурат. Москва, 2003-жылдын июнь айы.

7
Ходорковскийди сотко алып баруу. Москва. 23-декабрь, 2003-жыл.

8
Ходорковскийдин жактоочулары Москва сотунун алдында. Amnesty International эл аралык уюму Ходорковскийди "абийир туткуну" деп атаган. 15-январь, 2004-жыл.

10
Ходорковский Чита облустук сотунда. Ал түрмөдө жаткан кезде ЮКОС таратылып, дээрлик мамлекет карамагына өтүп кеткен. Чита, 2008-жылдын октябры.

11
Ходорковский менен Лебедев сотто. Москва. 11-январь, 2010-жыл.

12
Ходорковскийдин адвокаты Елена Лукьянова (сол жакта) менен кызы Анастасия Ходорковская «Знамя» журналынын ага берген сыйлыгын алуу үчүн келишкен. 2010-жылдын январы.

13
Солдон оңго Ходорковскийдин жубайы Инна, кызы Анастасия жана апасы Марина Ходорковская. Москва. 30-декабрь, 2010-жыл.

14
Ходорковскийдин китебинин бет ачар аземи. Москва, 2011-жылдын январы.