Америкалык ырчы Боб Дилан 2016-жылдагы Нобел сыйлыгынын адабият боюнча лауреаты деп табылды. 10 жашынан тарта ыр жаза баштаган Дилан 1941-жылы АКШнын Миннесота штатында туулган. Өмүр баянын чагылдырган китебинде ырчы чоң энесинин фамилиясы Кыргыз экенин, анын үй-бүлөсү Түркиянын Карс чөлкөмүндөгү Кагызман районунан болгонун жазат.
Боб Диландын узак жолу

1
Боб Дилан 1960-жылдары Нью-Йоркто.

2
Дилан менен Жоан Баэз жарандык укуктар боюнча "Вашингтон жүрүшүндө", 1963-жылдын августу.

3
Дилан Миссисипи штатынын Гринвуд шаарында студенттердин зомбулукка каршы комитетинин мүчөлөрү менен, 1963.

4
Дилан өз тобу менен Франциянын Ле-Бурже аэропортуна келип конгон маалы, 22-май, 1966.

5
Боб Дилан Аллен Гинзберг менен Rolling Thunder Revue деп аталган концертик кербенинде, 1975.

6
Дилан Парижде концерт маалында, 1978-жылдын июну.

7
Дилан Франциянын Тулуза шаарында, 1981-жылдын июну.

8
Дилан Филадельфиянын Кеннеди стадионунда Африкадагы ачкачылыкка кайрымдуулук көрсөтүү концертинде ыр аткарууда, 1985-жылдын июлу.

9
Дилан Франциянын Искусство жана адабият гильдиясынын сыйлыгын алууда, 1990-жылдын январы.

10
Дилан (оңдо), Жорж Харрисон (солдо), Жонни Кэш жана Рожер Макгуинн Диландын биринчи альбомунун 30 жылдыгын белгилөө салтанатында, 1992-жылдын октябры.

11
Дилан Болонье шаарында католик жаштардын митингинен кийин Рим папасы Иоанн Павел II менен жолугууда, 1997-жылдын сентябры.

12
Дилан (отурган) Кеннеди борборунун кызматкери Чарлтон Хестон (солдо) жана Лорен Бэколл, АКШ президенти Билл Клинтон, Биринчи айым Хиллари Клинтон, 1997-жылдын декабры

13
Дилан "Time Out Of Mind" ыр жыйнагы үчүн Жылдын мыкты альбомуна татыган салтанатта, 1998.

14
Дилан канцлер Кеннет Довердин колунан "Музыканын доктору" деген ардактуу наамды алууда, Сент-Эндрюс университети, 2004-жылдын 23-июну.

15
Дилан Бээжинде ыр тартуулоодо, 2011-жылдын 6-апрели