Бактыга жараша милиция кызматкерлери өрттү өчүргөнгө жетишип, аялды дароо тез жардам алып кетти. Өзүнө өрт койгон Жыпаркан Өмүрова анын алдында биздин кабарчыларга Нарындан Бишкекке акыйкат издеп келгенин айткан.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, Ак үйдүн алдында өзүн өзү өрттөөгө аракеттенген аял Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун күйүк бөлүмүнө жаткырылды. Дарыгерлер анын 2-3 даражадагы күйүккө чалдыкканын аныктады. Учурда абалы орто оор деп бааланууда.
Өзүнө от койгон аял сот чечимине нааразы болгондон улам ушундай кадамга барганын билдирген. Анын баласы бирөөнү топтошуп алып сабады деген айып менен 13 жылга кесилип кеткен экен.