Бишкекте 1464 килограммдык бешбармак жасалды
Гиннес рекорддор китеби үчүн жасалган бешбармак 1 тонна 464 килограмм, ал эми чучук 117 метр болду. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Элнура Кулуева “Азаттык" радиосуна билдирди. Тамак үчүн сегиз жылкы союлган, жалпы бир жарым тоннага жакын эт бышырылды. 150 литрге ылайыкталган 12 тай казан орнотулган. Иш-чараны «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикмеси «Ак элечек», «Ак калпак» долбоорлорунун негиздөөчүлөрү жана “Аю Гранд Комфорт” фирмасы менен чогуу уюштурду.
Чыгарылыштар
-
Апрель 27, 2025
Молдовановка: Абак айланасындагы турмуш
-
Апрель 15, 2025
Абактагы кош өлүм суроо жаратты
-
Апрель 14, 2025
Москва мончосундагы окуя: ТИМ орус элчисине нота берди
-
Апрель 12, 2025
“Ашардын” негиздөөчүсү кармалды
-
Апрель 11, 2025
"Жалган маалымат" үчүн жаза мыйзамы
-
Апрель 09, 2025
Ош мэринин шаарга кирген машинеден акы алуу сунушу