Акындык айтыш өнөрдүн чебери, эл арасында азыркыга чейин аткарылып жүргөн обон-күүлөрдүн жаратуучусу, элдик эпос-дастандарды мыкты аткарган «төрт аягы төп жорго», өмүрү эл оозунда аңызга айланган Токтогул Сатылган уулунун туулганына 25-октябрда туура 150 жыл толду. Ушуга байланыштуу 26-октябрда Орусиянын Тюмень шаарында Кыргызстандын маданий күндөрү белгиленип, анын алкагында Тюмень мамлекеттик маданият, искусство жана социалдык технологиялар академиясында «Токтогул: кыргыздын улуу акыны – чыгыштын булбулу» деген темада илимий конференция өттү. Аны Тюмень облустук улуттар боюнча комитети, Облустук маданият департаменти, Кыргызстандыктардын жана мекендештердин эл аралык «Замандаш» конгресси, Тюмень аймагындагы «Биримдик» коомдук уюму уюштурду. Конференциянын Тюмень шаарында өткөнү бекеринен эмес. Анткени бул шаарда «Анжиян көтөрүлүшүнө катышы бар» деген айып тагылып, Сибирге сүргүнгө айдалган Токтогул Сатылган уулу абакта жаткан.
Сүрөттөрдү "Азаттыкка" окурманыбыз Абдыжапар Нурдинов тартып жиберди.
Токтогул жаткан абакта

1
Токтогул Сатылганов Тобольск шаарындагы абакта 1899-жылы жаткан. Бул абак 1855-жылы курулуп, мында падышалык доордо башкесерлер менен каракчылар жана саясий куугунтуктагы - декабристтер, козголоңчулар, ал эми СССРдин тушунда оор кылмыш жасаган рецидивисттер отурушкан. Азыр бул түрмө "Тюремный замок" деген аталышта тарыхый архитектуралык музейге айланган.

2
Түрмөдөгү туткун.

3
Темир тор артындагы туткун.

4

5

6

7

8

9
Тюмень шаарындагы №1 СИЗОнун музейинде сакталган абактагылардын буюмдары - сүргүндөгү адамдын баш кийими

10
Тюмень шаарындагы №1 СИЗОнун музейинде сакталган абактагылардын буюмдары - чынжырлуу кол кишен.

11
Тюмень шаарындагы №1 СИЗОнун музейинде сакталган абактагылардын буюмдары - кайыңдын кабыгынан жасалган чарык

12
Тюмень шаарындагы №1 СИЗОнун музейинде сакталган абакка айдалган адамдын сүрөтү

14
Сибирге айдалган Токтогул Сатылган уулу олтурган абактын азыркы көрүнүшү. Тюмень шаарындагы №1 СИЗОдогу камера.

15