Бүгүнкү акцияда "Райым камалсын", "Акыйкат орносун" деген ураандар жаңырды. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 11-февралдагы отурумунда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Жазык кодексинин “Коррупция” деген 319-беренесинин биринчи бөлүгү боюнча айыптуу деп табылып, жаза чарасы тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге ылайык 260 миң сомдук айыппул деп чегерилген. Матраимов өзү сотто көрсөтмө берип жатып күнөөнү моюнуна аларын айткан.
Акыйкаттыкты талап кылгандардын акциясы
Бишкекте “Акыйкаттык үчүн” деп аталган тынчтык маршы өттү. Марштын катышуучулары алгач Эркиндик бульварына чогулуп, Ала-Тоо аянты көздөй жүрүшкө чыгышты.

1
Акциянын катышуучусу.

2
Марштын катышуучулары алгач Эркиндик бульварына чогулушту.

3

4
“Баштан башта” кыймылынын өкүлү Улан Үсөйүн жүрүштүн уюштуруучусу жарандык коом экенин билдирди жана жарандар мамлекетти көзөмөлгө алганды, талап койгонду үйрөнгөндө гана өлкө өнүгөрүн, өзгөрөрүн белгиледи.

5

6
Акциянын катышуучулары “Биз өнүккөн өлкө үчүн!”, “Биз жаркын келечек үчүн!” “Мыйзамдуу өлкө үчүн!” деген ураандарды айтып, бажыдагы коррупция боюнча иштер калыс иликтениши зарыл экенин белгилешти.

7

8

9
Бүгүнкү акцияда "Райым камалсын", "Акыйкат орносун" деген ураандар жаңырды.

10

11

12

13

14

16

17
"Баштан башта" кыймылы демилге кылган тынчтык марштары 2020-жылдын ноябрынан бери ар жекшемби сайын уюштурулуп келе жатат.