Өлкө авторитардык монархиядан теократиялык башкаруу режимине өтүп, Иран бир түндүн ичинде АКШ менен келишкис каска айланган.
Иранды өзгөрткөн ислам ыңкылабы
Мындан туура кырк жыл мурда Аятолла Хомейни баштаган ислам революциячылар тобу Ирандын шахын тактан кулаткан.

21
Хомейни уулу Ахмад менен чогулган элдин алдында сөз сүйлөп жатат. 4-февраль, 1979-жыл.

22
Жансакчылардын кайтаруусу менен Мехди Базарган Тегеран университетинин алдында сөз сүйлөп жатат. Иран бийлигин колго алыш үчүн Хомейни Базарганды атайын тандап алган. Базарган Ислам режимине орун бошотуп берүү алдында, Ирандын жашоосунун ар бир этабында экономиканы жаңыртып жана эркин шайлоо өткөрүүгө Аллахтын атынан сөз берип жатат.

23
Тез жардам унаасы көчөдөгү кагылышуудан жараат алгандарга жардам көрсөтүү үчүн бара жатат. Тегеран. 10-февраль, 1979-жыл.

24
15-март, 1979-жыл. Аятолланын жактоочулары Тегерандагы АКШ элчилигинин алдында турушат. Бир күндөн кийин алар элчиликке чабуул жасашкан. Элчилик барымтага алынып, бир нече сааттардан кийин АКШга кайра кайтарылып бирилген. АКШ элчилигине ноябрь айында кайра чабуул жасалып, анда элчилик 444 күнгө барымтага алынган.

25
Аятолланын жактоочулары жараат алган адамды АКШ элчилигинен көтөрүп чыгып баратышат.

26
АКШ жараны Хомейнинин жактоочусунун жанынан буюмдарын көтөрүп бара жатат. АКШ элчилигине болгон чабуулдан соң 100гө жакын АКШ жарандары Ирандан кетүүгө аракеттенишүүдө.

27
Хомейнинин куралчан жактоочулары Тегерандагы Мехрабад аэропортун кайтарууда. 1979-жылдын 18-февралында АКШнын жүздөй жараны атайын рейс менен Ирандан эвакуацияланган.

28
Аятолла Хомейнинин ислам мыйзамдарын кабыл алуу үчүн 10 миңден ашык аялдар Тегеран шаарында чогулушкан. Ал жерде аялдар мындан ары кара түстөгү узун көйнөктөрдү кийип жүрүшү шарт экени айтылган. 16-март, 1979-жыл.

29
27-ноябрь, 1979-жыл. АКШ элчилигинин эшигине кулпу илинген учур. Демонстрант-студенттер чабуул жасап, 52 америка жаранын барымтага алышкан. Барымта 444 күнгө созулган.

30
Динчилдер Кумедеги Хомейнинин үйүнүн жанынан өтүп бара жатышат. 1979-жылдын 17-декабрында Хомейни Ирандын башкы лидери болуп тандалган.