16-мартта Германиянын Бонн шаарына чогулган кыргызстандыктар Ноорузду майрамдашты. Алыста жүргөн мекендештердин башын бириктирген “Кыргыз клуб” уюштурган кечеге 150дөн ашуун киши катышты. Берлиндеги Кыргызстандын элчиси Болот Отунбаев, элчиликтин Бонндогу бөлүмүнүн башчысы Чынара Токталиева мекендештердин ынтымагына сыймыктанарын айтышып, Германия жергесиндеги кыргызстандыктарды бирге болууга үндөштү. Боннго саякаттаган кабарчыбыз Карамат Токтобаеванын сүрөт баяны.
Бонндогу Нооруз

1
Кең дасторкон үстүндө. Туу жамынган кыз Кундуз Кенжебаева

2
Тимур Бектур жагымдуу жаз музыкасын тартуулоодо

3
Сагыныч жазып, санаалардан арылып...

4
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Болот Отунбаев

5
“Чай ичиңиз!” деп гана турган немис күйөө бала келинчеги менен

6
Бакытка шыбыр айткан Гуля Притзсеге (Pritzsehe) Германияны мекендеген алгачкы кыргыздардан

7
Кыргызстандан казан алдырып, майрамга палоо демдетип берген элчиликтин Бонндогу бөлүм башчысы Чынара Токталиева

8
Майрамдын маэстросу Тимур Бектур

9
“Кыргыз-клуб” уюмунун лидерлери, майрамдын демилгечилери: Зейнура Бирназарова менен Бакыт Көбөгөнов