Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:41

Украинага 909 аскердин сөөгү алынып келинди


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Жума күнү Украинага 909 аскердин сөөгү алынып келинди. Бул тууралуу Украинанын согуш туткундары боюнча иштеген координациялык штабы билдирди.

Маалыматка караганда, аскерлер Курахово, Покров, Бахмут, Луганск, Сумы, Харьковдогу салгылашууларда каза болгон. Айрымдарынын сөөгү Орусиянын моргдорунда болгон.

"Укук коргоо органдары эксперттик мекемелер менен биргеликте каза болгондордун өздүгүн мүмкүн болушунча тез арада аныкташат",- деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.

Орусия бул боюнча маалымат бере элек.

6-майда Киев менен Москва "205-205" формуласы боюнча туткундарды айырбаштаган. Бул жараянга Бириккен Араб Эмираттары жардам берген.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин айтымында, согуш башталгандан бери аскер жана жайкын тургундарды кошкондо туткунга түшкөн 4552 адам кайтарылган.

Украинага мындан тышкары 909 аскердин сөөгү кайтарылганын Аскер туткундары боюнча Координациялык штаб билдирди. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG