Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Тынчтык сүйлөшүүлөр алдында Орусия Украинага чабуул койду


(архивдик сүрөт).
(архивдик сүрөт).

15-майга караган түнү Орусия Украинанын аймагына 110 дрон менен чабуул койду. Бул тууралуу маалымат Украинанын Аба күчтөрүнүн Telegram каналына чыкты.

Маалыматка караганда, 91 дрон жок кылынды. Алардын 62си атып түшүрүлүп, 29у бутага алынган аймакка жеткен эмес. Украин бийлиги өткөн түнү Сумы, Днепропетровск, Полтава аймактары жана Киев облусу чабуулга туш болгонун билдирди.

Орус аскерлери украин аймагына Стамбулда боло турган сүйлөшүүлөрдүн алдында чабуул койду.

Орусия бул боюнча комментарий берген жок.

Түркияда өтөрү пландалып жаткан Украина менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө орус делегациясын бул өлкөнүн президентинин жардамчысы, Жазуучулар союзунун биринчи катчысы Владимир Мединский жетектейт. Бул тууралуу 14-майда Кремль маалымдады.

Украин президенти Владимир Зеленский Түркиядагы жолугушууга Орусия президенти Владимир Путин жеке өзү келбесе ага катышпай турганын билдирген. Зеленский Украина тараптын делегациясынын курамын жарыялай элек.

Түркияга АКШ президенти Дональд Трамптын барышы да күмөн экенин, бирок мындай ыктымалдыкты четке кагуу да азырынча эрте экенин өз булактарына таянып Bloomberg жазган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG