Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:10

Кытай менен АКШ 90 күн өз ара соода тарифтерин көтөрбөйт


иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Кытай менен АКШ соода тарифтерин көтөрүүгө 90 күндүк мораторий киргизүүнү макулдашты. Бул тууралуу Женевадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Кошмо Штаттардын финансы министри Скотт Бессент билдирди.

Вашингтон улам көбөйтүп отуруп, кытайлык товарларга бажы төлөмүн 145%, Кытай АКШнын товарларына 125% чейин жеткирген.

Бессеттин айтымында, эми тараптар жок дегенде 90 күнгө тарифтерди 115% төмөндөтүүнү макулдашты. Ак үй жасаган билдирүүдө макулдашуу 14-майда күчүнө кирери айтылат.

Эми Кытай америкалык импортко болгон тарифетрди 10%, АКШ Кытай товарларына киргизген бажы төлмөдөрүн 30% деген базалык чекке кайтарат дегенди билдирет.

Алыдагы үч айда эки өлкө өз ара соодасын талкуулоону улантмакчы.

Тарифтерди азайтуу чечими жарыялангандан кийин биржаларда көрсөткүчтөр жана мунай менен биткоиндин баасы өстү.

Вашингтон администрациясы тарифтерди көтөрүүнү Кытай менен соодадагы дисбаланс (тең салмактуулуктун жоктугу) менен түшүндүргөн. АКШ ошондой эле Бээжин фентанил синтетикалык наркозаттын экспорту менен жетиштүү күрөшпөй жатат деп эсептейт.

Кытай өз кезегинде өз кызыкчылыктын коргоорун, чегинүүлөргө барбай турганын айтып келди.

Шерине

XS
SM
MD
LG