Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:37

Британия, Германия, Франция, Польшанын лидерлери Украинага барды


Киевде 10-майда Украинанын жетекчилиги менен "каалоочулар коалициясына" кирген мамлекеттердин лидерлеринин жолугушуусу өтөт. Коалицияга Украинага аскердик жардам берүүнү улантууну колдогон өлкөлөр кирген.

Украиналык маалымат каражаттары билдиргендей, эртең менен Киевге Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Германиянын канцлери Фридрих Мерц, француз президенти Эмануэл Макрон жана Польшанын премьери Дональд Туск поезд менен келди.

Украин тышкы иштер министри Андрей Сибига билдиргендей, жолугушууда Украинаны колдоодо европалык тилектештик боюнча маанилүү чечимдер күтүлүп жатат, согушта ок атышууларды токтотуу шарттары да талкууланат.

Орусия 8-майдан 10-майга чейин Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына байланыштуу үч күндүк элдешүү жарыялаган.

Украина бул аралыкта орус армиясы ок атышууну токтотуу режимин бир нече жолу бузганын билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG