Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:58

Трамп Киев менен Москвадан ок атууну 30 күнгө токтотууну талап кылды


АКШнын президенти Дональд Трамп.
АКШнын президенти Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Киев менен Москва ок атышууну 30 күнгө токтотуу талабын аткарбаса, санкцияга илинерин эскертти. Бул тууралуу ал бейшембинин кечинде өзүнүн Truth Social баракчасына жазды.

"АКШ эч кандай шартсыз 30 күнгө ок атышууну токтотууну талап кылат. Талап аткарылбаса, АКШ өнөктөштөрү менен биргеликте кошумча санкцияларды киргизет. Күнүгө миңдеген аскерлер набыт болуп жатат. Баары бул нерсе тезирээк аякташын каалаш керек. Мен, АКШ да ушуну каалап жатат", - деп жазды ал.

Трамп европалыктар менен бирге Орусия жана Украина ортосунда туруктуу тынчтыкты орнотуу аракети көрүлөрүн, азыркы анын талабы жыйынтыгында тынчтык келишимине алып келерин кошумчалады.

"Мунун баарын тез арада ишке ашырса болот, мен ал үчүн колумдан келген аракетимди жумшайм", - деди Трамп.

Мунун алдында Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефондон байланышты. Зеленский 30 күндүк ок атышууну токтотууга макул экенин, Москва да ушундай эле чечимге келерине үмүт артарын билдирген.

"Украина ар кандай форматтагы сүйлөшүүлөргө даяр. Бирок бул үчүн Орусия согушту токтотууга даяр экенин ок атпай көрсөтүшү керек. Президент Трамп согушту токтотууну каалай турганын жана ага жетүү үчүн колдоо көрсөтөрүн билдирди", - деп айтты Зеленский өткөн түнү кайрылуусунда.

Зеленский АКШ сунуштаган 30 күнгө ок атууну токтотуу демилгеси дагы эле күчүндө экенин эске салды.

Украина менен Орусиянын үч күндүк элдешүүсү 8-майда күчүнө кирген. Элдешүүнүн биринчи күнүндө эле эки тарап тең бири-бирин келишимди бузду деп айыптап чыгышты.

Буга чейин Пасха майрамын утурлай ок атпоо режими жарыяланып, анда дагы эки тарап бири-бирин шартты бузганы үчүн айыптаган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG