"Алданып калып, 15 жашымда төрөдүм"
Кыргызстанда 2024-жылы 13 жаштан 17 жашка чейинки 353 өспүрүм көз жарган. Өлкө мыйзамдарына ылайык эрте куракта никеге турууга мажбурлоо, аны каттоо же ага колдоо көрсөтүү кылмыш деп эсептелет. Башкы прокуратура өткөн жылы 29 кылмыш ишин козгогон. Саламаттыкты сактоо тармагындагы эксперттер Кыргызстан өспүрүм курактагы кыздардын төрөт учурундагы өлүмү боюнча Борбор Азияда экинчи орунда турарын айтууда.
15 жашында көз жарган Самиранын баласы азыр үч жашка чыкты. Ал өзү иштеген сулуулук салонунан күнүгө баласын ээрчитип келип, жанында алып жүрөт. Жакындары көп каралашпай турганын айтып берди.
"Мен өзүмдөн 10 жаш улуу балага алданып калып, айла жок турмушка чыккам. Ошондо мен 15 жашта болчумун. Анда мен мектепте окучумун. Мага үйлөнөм деп алдаган, өзүм дагы кичине болуп алданып калдым. Кийин боюмда болуп калганын угуп үйлөнүүгө туура келген. Мектепти бүтпөй калдым. 7 ай болгонумда таштап кетти. Азыр бала өзүмдүн атымда, жалгыз бой эне болуп багып келатам. Баламды ушул убакка чейин эле өзүм багып, жумушка кошо алып келип, кошо алып кетип ошентип чоңойтуп келем. Азыр 2,5 жашта".
Самира өзү менен теңтуш кыздардын мектепти бүтүп, жогорку окуу жайларда окуганын көрүп суктанарын айтып отурду.
"Мен ошол бойдон мектепте окубай калдым, азыр деле бала менен үй-жумуш болуп күнүм өтөт. Күйөөгө шашпай, өзүңөрдүн кыялыңарды ишке ашырганга аракет кылгыла дейт элем азыр угуп жаткан кыздарга. Туугандар бала менен кыйналасың деп экинчи жолу күйөөгө беришкен. Экинчи турмуш деле болбойт экен, балаңды өзүнүкүндөй кабыл албады".
Кыздар тарткан запкы, Токтогулдагы жыйын
Өлкө мыйзамдарында тыюу салынганына карабастан кыздардын өспүрүм куракта турмушка чыккан учурлары токтобой келатат. Айрым айылдарда буга байланыштуу жыйындар өткөн.
Токтогул районунда 300дөй киши катышкан ушундай чогулуштардын биринде кыздар жакындарынын зомбулугуна кабылып, андай учурлар "эл эмне дейт" деген түшүнүктөн улам ачыкка чыкпай калып жатканы айтылганын ага катышкан тургундардын бири "Азаттыкка" айтып берди.
"Айылдагы милиция бөлүмүнүн башчысы 300 кишинин алдында айтты. 14-15 жашта төрөгөн 14 учур катталыптыр айылда. Абдан таң калдым. Чоң атасы небересин зордуктаган, бир тууган агасы карындашын зордуктаган учурлар айтылды", - деди тургундардын бири.
Ошол чогулушка катышкандардын бири Өмүрбек дагы ушундай сөз болгонун ырастап, жаштар менен иштөө, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгилеп жатат.
"Маалыматты угуп алып таң калдык. Нике тууралуу ал жерде эч сөз болгон жок, никеге чейинки, мектеп жашындагы өспүрүмдөр арасында катталган окуялар экен".
Токтогул районуна караган мурдагы Өзгөрүш, азыркы Иманалиев айылынын жалпы медициналык практика борборунун директору Ырыс Козукеева район боюнча окуучу куракта көз жарган 14 учур катталганын ырастады.
"Үч-Теректен берки зона боюнча 14 болуп жатат. 8-класс, 14, 15 жаштагы кыздар. Аныгын бизге деле айтышпайт, бул маселелер укук коргоо органдарында болот экен. Биздин төрөт үйүнө мектеп жашындагылар келсе дароо эле билдиребиз. Зордук-зомбулук болгонун билбей калат экенбиз. Бирок ар бир мектепте жашы жете элек кыздарга түшүндүрүү иштери жүрдү. Бизден көп катталган жок, бирок башка айылдарда бар экен. Жетиген айылында өткөндө болду, 10-класстын окуучусу экен. Бизде бир факты болуп жатат, айтканга дагы уят нерсе. 15-16 жаштагы кызды чоң атасы зордуктаган. Аягы эмне болуп чечилгенин билбейбиз. Кыз окууну таштап, кийин билинип калган. Биринчи укканда биз деле ушуга кантип барды деп аябай жаман акыбалда калдык. Өзүнүн агасы бир тууган карындашын зордуктаган окуя катталды. Ата-энеси ажырашып жүргөн үй-бүлө. Бул 2024-жылы катталган окуялар".
Райондук милициянын жетекчиси жыйын болгонун ырастап, бирок жашы жете элек кыздар кабылган кейиштүү окуялар тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты. Социалдык коргоо, эмгек жана миграция министрлигине жазган катыбызга жооп боло элек.
Зомбулук көргөнү айтылган кыздардын өздөрүн, жакындарын табаа алган жокпуз.
Токтогул районундага социалдык сектордун башчысы Луиза Кеңешбекова бул фактылар тууралуу мындай деди:
"Ооба андай фактылар катталган, бирок дээрлик көпчүлүгү 9-классты бүтүп окубай калган кыздар. 14 учур катталган. Арасында турмушка чыкпай жатып кош бойлуу болуп калган учурлар бар. 9ду бүтүп окубай, ар кайсыл жерде иштеп жүрүп боюнда болуп калгандар. Айрымдары башка аймактардан келип биздин айылда катталып калгандыктан статистика өсүп кетип жатат".
Бир жылда 353 төрөт
Акыйкатчы институтунун соңку баяндамасында, 2023-жылы өлкө аймагында 13 жаштан 17 жашка чейинки 310 кыз көз жарса, 2024-жылы өспүрүм куракта төрөгөндөрдүн саны 353кө жеткени айтылат. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева кыздарды жашы жетелекте турмушка берүү алардын ден соолугуна, билим алуусуна зыянын тийгизерин белгиледи:
"Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2024-жылы өлкө боюнча жашы жетелектерге нике кыюуга байланыштуу 29 кылмыш иши козголгон. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги былтыр өлкө боюнча 13 жаштан 17 жаштагы төрөгөн өспүрүмдөрдүн саны 353тү түздү деген маалымат берди. Эң көп Чүйдө катталган (113). Жашы жете элек кыздарды никеге турушуна үй-бүлөдөгү экономикалык кыйынчылыктар, салттык ишенимдер жана ата-энелердин кыздардын билим алуусу зарыл эмес деген ишеними негиз болууда. Эрте никеге туруу кыздардын укуктарына, ден соолугуна жана келечегине олуттуу зыян келтирет. Алардын билим алуусуна тоскоол болуп, өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн чектейт. Бул маселени чечүү үчүн мыйзамдарды чыңдоо жана маалымдуулукту жогорулатуу сыяктуу комплекстүү чаралар зарыл".
Жаманбаева мындай фактылардын көбү тергөөдө кыскарып кетерин белгилеп, мындай учурлардын мыйзамдуулугун аныктоо үчүн Башкы прокуратурага кат жолдогонун кошумчалады. Маселен, Сузакта 2024-жылдын 9 айында өспүрүм куракта никеге турган 23 учур катталса, анын 21и тергөө маалында кыскартылган.
Акыйкатчынын баяндамасында айтылгандай, өспүрүм кыздарды эрте турмушка берген учурлар Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында өскөн. Институттун баяндамасына караганда, 2023-жылы секелектердин бойдон алдырган тогуз учуру катталган.
Адатта мындай жагдайга туш болгон кыздар мектепти таштап, окуусун улантышпайт. Билим берүү жана илим министрлигинин уюштуруу жана тарбиялоо иши боюнча адиси Алтынбек Эркимбеков бала милдеттүү түрдө 11-классты бүтүрүп же коллежде окушу керек деген норма бар экенин эске салды.
"Биз билим берүү, агартуу иштерин жүргүзөбүз. Жер-жерлерде аймактарда эрте никеге турган учурлар боюнча маалыматтар бар, бирок ар бир учурга абйланыштуу кылмыш иши козголот. Кандай болгон учурда дагы милдеттүү түрдө 11 классты бүтүрүп же коллежди окуш керек деген норма бар. Ушул багытта түшүндүрүү жүргүзүп келебиз".
Эксперттердин белгилешинче, Кыргызстан өспүрүм курактагы кыздардын төрөт учурундагы өлүмү боюнча Борбор Азияда экинчи орунда турат.
"Светтик өлкөдө жашап жаткандан кийин мыйзамга таянышыбыз керек да. Мыйзам боюнча 18 жашка толгондон кийин гана кыздар турмушка чыкса болот. Бирок тилекке каршы ага жеткирбей эле куда түшүп, кыздарын турмушка бере беришет. Жакында эле Баткенге барып келдик, ал жакта дагы 9-класстан эле берип койгон учурлар бар экен. Бирок бул көп жерде катталбай калат экен. Бул сан качан төрөткө келгенде гана билинип, ачыкка чыгып жатат. Эң биринчи үй-бүлөдө тарбия болуш керек, кыз менен энеси, эжеси иштеш керек. Ал үчүн энеси дагы кыздын жетилүүсү, өзгөрүүсү, кандай учурда боюна бүтуп калат, турмушка чыккандан кийинки сактануу жолдорун айтып бериш керек. Мектептин негизги фунциясы - билим берүү. Кыздарга канчалык билимди жакшы берсек, билимдүү кыздар оздөрү деле эрте турмушка чыгам деп умтулбайт. Көп учурда ата-энелер өз ара чечим чыгарып коюп жатышат. Албетте зордук-зомбулуктун кесепетинен дагы болгондор бар. Андай көрүнүштөрдүн көбү сотко жетип, жоопко тартылбаган үчүн кайталанууда", - деди Кыргызстандагы үй-бүлөнү пландаштыруу альянсынын жетекчиси Бактыгүл Бозгөрпөева.
Ал мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн комплекстүү чаралар керек деп эсептейт:
" Үй-бүлө институту деген болуш керек, алар дагы өздөрүнүн милдеттенмелерин алыш керек. Ошондуктан бул комлекстүү программа. Мисалы Өзбекстанда жаш түгөйлөр алгач медициналык көзөмөлдөн өтүп, турмуш куруп жатат. Казакстанда өспүрүмдөрдү караган атайын кабинеттер, борборлор бар. Ал жерде дарыгерден тартып, психологго чейин отурушат. Бизде кыздар өздөрү дарыгерге барып кеңеш алуудан уялат, ата-энеси айтып бербейт, кээде "ошону кантип айтам" деп уялат. Айылда апасы доктурга ээрчитип барбайт, "эл билсе эмне деп ойлойт" дешет. Ошондуктан өспүрүмдөр үчүн өзүнчө программа керек. Өспүрүм курактагы өлүм деп коет, алардын төрөт учурунда өлүмү боюнча биз Борбор Азияда экинчи орунда турабыз. Ошондуктан бул өкмөттүн деңгээлинде көтөрө турган маселе".
Кыргызстанда 2014-жылдары жашы жетелек кыздардын турмушка чыккан учурлары кескин көбөйгөн. Бириккен Улуттар Уюмунун изилдөөсүндө бул көрсөткүч 14 пайыздан жогору болуп жатканы айтылган. Ушундан кийин Кыргызстанда мыйзамдар катаалдашып, эрте куракта никеге турууга мажбурлоо, аны каттоо же ага колдоо көрсөтүү кылмыш катары карала баштады.
Жашы жете электерге диний негизде нике кыюуга жол берген тараптар кылмыш жоопкерчилигине тартылып, үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок ошого карабастан жат көрүнүштөр тыйыла элек.
Шерине