Шайлоо күнүндө Кыргызстанда 2430 добушкана ачылган. Мындан тышкары 28 чет өлкөдө 45 участок, Москва менен Он шаарларында кошумча добушканалар ачылды.
Добушканаларда кезек күткөндөр көп

1
Бишкек гуманитардык университетинин алдында добуш берүү үчүн кезектер тургандар.

2
Талас шаары.

3
Айрым шайлоо бекеттеринде урналар иштебей калып, мунун айынан кезек күткөндөрдүн катары калың болуп жатат.

4
Биометрикалык каттоодон өткөндөр гана добуш бере алышат. Добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554 киши. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

5
Коронавирус пандемиясынын шартында өтүп жаткан шайлоодо Жогорку Кеңештеги 120 депутаттык орун үчүн 16 партия ат салышууда.

6
Бишкек шаарындагы шайлоо бекеттеринин бири.

7
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалды.

8
Буга чейин №2 форма менен добуш берүү үчүн 500 миңге чукул адам арыз жазган. Алардын ичинен 42 386 жаран бир канча жолу арыз бергенин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2-октябрдагы басма сөз жыйынында билдирген эле.

9
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын гендердик жана жаш курагына байланыштуу маалыматын чыгарды. Ага ылайык жалпы добуш берүүчүлөрдүн 52, 26% аялдар, 47,74% эркектер түзөт. 70 жаштан улуулар 4,47%, 60-69 жаштагылар 9,67% болсо, эң көп добуш берүүчүлөрдүн курагы 18 жаштан 29 жашка чейинкилер, алар 29,67 пайызды түзөт.

10
Саат 10:30га карата шайлоо өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борборуна 52 киши телефон чалды. Өкмөттүн маалыматына караганда, шайлоочулар негизинен санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталбашына жана өздөрүн тизмеден таба албай жатканына нааразы болуп чалышкан.

11
Бишкектеги добушканалардын бири.