Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкынай Абдыкариеванын айтымында, бекеттин эки тарабында тең кезек күткөн жарандар көбөйгөнүнө байланыштуу учурда кошумча кабиналарды орнотуу иштери жүрүп жатат.
"Достук" бекети: соодадан чыккан тыгылыш
Жаз айларынан баштап Ош облусундагы кыргыз-өзбек “Достук” өткөрмө бекетин кеңейтүү иштери башталат.

1
Ош облусундагы кыргыз-өзбек “Достук” өткөрмө бекетинде Өзбекстан тарапка өтүү үчүн 1,5 миңдей адам кезек күтүп турат.

2
"Азаттык" радиосунун кабарчылары жеринен маалымдаганына караганда, тыгындын айынан айрымдар тосмодон өтүүгө аракет кылууда.

3
Кээ бирлеринин кан басымы көтөрүлүп, өзүн жаман сезип кыйналгандар да бар, бирок аларга медициналык жардам көрсөткөндөр жок болууда.

4
Чек арачылар чыңалууга жол бербеш үчүн кары-картаңдарды, майыптарды жана кош бойлууларды кезексиз өткөрүп жатышат.

5
Жаздын келиши менен соода-сатык кылып каттагандар көбөйгөндүктөн “Достук” бекетинде мындай тыгын бир нече күндөн бери пайда болууда. Кечээ бул жерде 500дөй адам топтолгон учур катталган.

6
Кыргызстандын Чек ара кызматы “эки тарабында тең кезек күткөн жарандардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу учурда кошумча кабиналарды орнотуу иштери жүрүп жатканын” билдирген.

7
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы 2005-жылы март жана Анжиян окуяларынан кийин жабылып, ары-бери өтүү кыйындаган.

8
2010-жылкы июнь коогасынан кийин чек арадан өтүү үчүн телеграмма, чакыруу сыяктуу кошумча документтер талап кылына баштаган.

9
2017-жылдын сентябрь айында кыргыз-өзбек “Достук” чек ара бекетинде эки тарапка өтүүнүн жол-жобосу жеңилдеген. Эки тарапка каттагандардын саны көбөйгөн.

10
Мамлекеттик чек ара кызматы муну эки өлкөнүн ортосундагы сооданын жанданышы менен байланыштырууда.