Бүгүн “Манас” аэропортуна Түркиядан конгон учактан “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди УКМК кызматкерлери кармап кеткен жана ал 48 саатка камакка алынганы кабарланган. Буга байланыштуу Бишкекте, Ошто жана Жалал-Абадда Текебаевди колдогон митингддер өттү.
Текебаевдин колдоочуларынын митинги

21
Оштогу митинг.

22
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаарындагы кеңсесинин алдына бүгүн элүүдөй адам чогулуп, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди бошотууну талап кылышты. Андан ары маалымат жыйын курушуп, саясий куугунтукту токтотууну бийликтен талап кылып, тарап кетишти.

23
Алар талаптар аткарылбаса, нааразылык акциялар улана турганын билдиришти.