Азамат Алтай агабызга (Кудайберген Кожомбердиев) Кудай таалам ушундай тагдыр буйруган экен. Өзү айткандай, баарына согуш күнөөлүү. Ооба, бирок Азамат Алтай тагдырдын татаал сыноосуна майышпай, аны жеңе билип, жөн гана жеңе билбей Кыргыз атын дүйнөгө таанытып, эркиндик үчүн күрөшкөн улуу инсан катары тарыхта калды. Ал өз максат-тилегин ишке ашырып, анын үзүрүн көргөн өзгөчө сейрек тагдыр ээси.
Азамат Алтай - элинин чыгаан уулу
"Азаттык" радиосунун Эгемендиктин 25 жылдыгына карата жарыялаган сынагына Каракол шаарынын тургуну, фотокабарчы Бекмурат Нурдөөлөтов өзү тартып калган тарыхый сүрөттөрүн сунуштады. Ал кыргыздын чыгаан уулу, тагдырдын сыноосу менен Ата Мекендик согуштан кийин өз жеринен сыртта жашап калган Азамат Алтай 55 жылдан соң Кыргызстанга келгенде тартып алган сүрөттөрүн салып жиберген. Сүрөттөрдө 1995-жылдын 12-сентябрында Азамат Алтайдын Каракол шаарына барып, эл менен жолугушкан учуру. Сүрөттүн тексттери да автордуку.

21
Жолугушууга келген эл.

22
Азамат Алтай журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.

23
1920-жылы 15-сентябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунда туулган Азамат Алтай 1940-жылы аскерге кеткен. Улуу Ата мекендик согуш маалында, 1941-жылы Литвада туткунга түшүп, уруш аяктаганга чейин фашисттик концлагерде болгон. 1945-жылы Батыш ынтымагынын аскерлери тарабынан боштондукка чыгарылып, Батыш Европада туруп калган. Азамат Алтай 1953-жылы баш кеңсеси Германиянын Мүнхен шаарында жайгашкан “Азаттык” үналгысынын кыргыз тилиндеги туңгуч берүүсүн обого алып чыккан.

24
Азамат Алтай кийин АКШга кетип, чейрек кылымдан ашуун өмүрүн Нью-Йорктогу Колумбия университетинин илимий китепканасына арнап, түркология жана кыргыз таануу боюнча он миңдеген нускадан турган китеп корун түзүп, ал 1960-жылы Азамат Алтай ысымын алган.

25
Азамат Алтай 2006-жылы 23-майда 86 жашында оорунун айынан Нью-Йорк шаарында дүйнөдөн кайткан.