Ош шаарындагы, Ноокат, Өзгөн жана Араван райондорундагы кыз-келиндер медресесинин студенттери, жеке үйлөрдө диний билим алган кыздар Оштогу “Ыйман-Бакыт” коомунун имаратында кызамык жана кызылчага каршы эмдөөдөн өтүштү. Иш-чараны “Мутакалим” диний уюму жана ЮНИСЕФ эл аралык уюму чогуу уюштурган. 200дөй кыз-келинге жана атынча аялдарга вакцинаны жергиликтүү догдурлар беришти.
Ошто жоолукчандар эмдөөдөн өттү

1
Буга чейин Ош шаарында жана облусунда 1500дөй ата-эне диний түшүнүктөн улам кызамыкка каршы эмдөөдөн баш тартышкан эле. Бирко түшүндүрүү иштеринен улам алардын дээрлик баары ийге келип, балдарын эмдөө кылышты.

2
Буга чейин айрым кыз-келиндер жана аялдар арасында эмдөө боюнча түшүнбөстүктөр болуп келген. Дарыгерлер буга чейин аймактагы молдолорду жана диниятчыларды да кызамыкка каршы эмдөө боюнча окуткан.

3
Кызылча жана кызамыкка каршы эмдөө кампаниясынын экинчи айлампасында Ош облусунун 489 миң 817 жана Ош шаарынан 108 926 адам эмдөөдөн өтөт. Ушу күндөрү пландалгандар Ош шаарынан 75%, Ош облусунан 60% эмдөө алды.

4

5
Башка аймактар сыяктуу эле Ошто да 12-майдан 24-майга чейин кызылча жана кызамыкка каршы эмдөө кампаниясынын экинчи этабы жүрүп жатат.

6

7
Кызамык – жугуштуу оору. Анда эт ысып, жөтөлүп, мурун бүтүп, үн каргылданат, көздүн, ооздун былжыр чели сезгенип, териге кызыл бүдүрлөр чыгат. Кызылчаны вирус козгойт.

8

9

10

11

12

13

14