Ушул күндөрү Бишкекте спорттук аскага чыгуу боюнча Борбор Азия чемпионаты өтүүдө. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Орусиядан 110 спортчу катышууда. Спортчулар 12 жашка чейин, 13төн 15ке чейин жана 16 жаштан жогорку куракта таймашууда.
Бийиктикке умтулгандар

21

22
Борбор Азия чемпиондугу спорттук аскага чыгуунун ылдамдык, татаалдык жана боулдеринг ыкмаларында өтүп жатат. Ылдамдык ыкмасында эки спортчу аз убакыттын ичинде 12 метр бийиктиктеги жарыш жолун басып чыгышы керек. Татаалдык ыкмасында 7-8 мүнөт убакыт ичинде спортчу татаалдыгы көп жарыш жолун басып өтөт. Боулдеринг ыкмасында коопсуздук арканы жок 4-5 метр бийиктиктеги чоң таш жолдорго (жарчаларга) спортчу жармашып чыгыш керек. Спортчунун коопсуздугу үчүн жерге атайын crash pad деп аталган килем төшөлөт.

23
Спортчулардын коопсуздугуна көзөмөл кылган коопсуздук кызматкери арканды кармоого колду сыйгалантпай турган кол капты кийишет.

24
Спорттук аскага чыгуу менен 5 жаштан баштап машыкса болорун адистер айтышат. Ошондой эле спорттун бул түрү булчуңдун бардык түрлөрүнүн иштешине өбөлгө түзүп, ден соолукту чыңдоого жакшы шарт түзөрүн жана шамдагайлыкка, ыкчамдыкка тарбиялай тургандыгын белгилешет. Спорттук аскага чыгуу менен машыккандар келечекте өндүрүш альпинизминде иштөөгө (бийик имараттардагы өндүрүш жана курулуш объекттеринде) жана табигый шартта бийик аскалуу тоолорго чыгып альпинизм менен алектенүүгө даярдык көрө алат.

25
Аскага чыгуу боюнча Борбор Азия чемпиондугу 7-декабрда жыйынтыкталат. Жеңүүчүлөр медаль жана грамоталар менен сыйланышат. Борбор Азия чемпиондугу акыркы 4-5 жылдан бери айрым бир себептерге байланыштуу өткөрүлбөй келген.