Өкмөттүк экспедиция Ооганстандагы Памир кыргыздарынан кабар алып келди. Ооганда кыргыздар Чоң жана Кичи Памирди жердешет. Экспедиция экиге бөлүнүп, эки Памирге тең барышты. Бул сүрөттөрдү "Азаттыктын" кабарчысы Али Токтакунов менен экспедиция мүчөлөрү Чоң Памирден тарткан.
Памир кыргыздары менен учурашуу

21
Памирлик кыргыз айымдарын жоолуктан айырмалоого болот. Ак жоолукту күйөөгө тийген аялдар салынат. Кыздар кызыл жоолукчан.

22
Памирлик аялдар көбүнчө кызыл түстүү кийим кийишет.

23
Суукка чыдамдуу топозду памир кыргыздары үйрөтүп минишет, этин жеп, сүтүн саап ичишет. Жүнүн да колдонушат.

24