"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
УКМКнын тергөө абагында жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев пневмония менен ооруп калганы айтылды.
Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетине караштуу Үлгүлтүксүз жана профессионалдык билим берүү мектеби пандемия учурунда көчмө китепкана уюштурду.
Мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун абакта сабалганы боюнча сотко чейинки тергөө жүрүп жатат. Жабык жайлардагы мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн прокуратура бул маалыматты иликтөөнү Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка тапшырган.
Жогорку сот Матраимовдордун доо арызына байланышкан иште "Азаттыктын" өтүнүчүн канааттандырган жок.
Ат-Башы районунун Кара-Суу айылындагы орто мектептин окуучусу Уран Айбек уулу жөжө чыгарган инкубатор жасап чыкты. Учурда анын кол эмгегине кызыккан айылдаштары көбөйүүдө. Уран инкубатордон чыккан жөжөлөрүн 50-60 сомдон сатып жатат.
Ат-Башы районунун тургуну, жөө күлүк Оболбек Осмонбеков 400 чакырым аралыкты беш күндө чуркап өттү. Ал сапарын 19-июнь күнү Ат-Башы районунун Талды-Суу айылынан баштап, 24-июнда Бишкекке келди.
Ички иштер министрлиги бийликти күч менен басып алууга чакырган жарандар кармалганын билдирди. Ал арада Таласта Жерүй боюнча элдик жыйын уюштуруу демилгесин көтөргөн Айбек Бусурманкуловду укук коргоо органдары суракка алды.
Абибулла Мухаммед уулу Ооганстандын Памир аймагынан Ат-Башыга 2018-жылы үй-бүлөсү менен көчүп келген. Учурда ал жаңыча жашоого көнүп, дыйканчылыкты акырындык менен өздөштүрө баштады. Аялы да бош отурбай, кол өнөрчүлүк менен киреше тапкысы келет.
Мамлекеттик ишмер Болот Шерди акыркы сапарга узатууга арналган митинг өттү.
Мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун сабалышы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул факт Башкы прокуратурада каттоого алынып, окуяны Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тергемей болду.
Интернетти көзөмөлдөөгө багытталган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү.
Алтын Качканакова быйыл 94кө чыкты. Кочкор районунда жашайт. Футболдун өзгөчө күйөрманы. Белгилүү футболчу Пеленин доорунан баштап, азыркы дүйнө жылдыздарына чейин жатка билчү. Акыркы эки жылдан бери карылыктын айынан унутчаак боло баштаган экен. Ошого карабай Месси менен Роналдуну жазбай тааныйт.
Интернетте мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун абакта сабалганы тууралуу видео тасма тарады. Премьер-министр Кубатбек Боронов депутаттын суроосуна жооп берип жатып, Кимсанов сабалды делген видео тууралуу реакция жасала турганын убада кылды.
Сот Азимжан Аскаровдун өкмөткө каршы арызын кароону токтотту.
Нарын районунун жашоочулары Кочкор элинин Кара-Кужур жайлоосуна чыгышына нааразы болуп жатышат.
Адистер жайыттарды туура эмес пайдалануу талаш-тартыштын күчөшүнө алып келгенин айтышууда.
COVID-19 инфекциясын жугузуп алган Нарын шаарындагы №2 Чкалов атындагы орто мектебинин директору Айчүрөк Самакова илдети өтүшүп кетип 7-июнда көз жумду.
Нарында облусунда жайыт талаш кайрадан курчуду. Айрыкча Нарын менен Кочкор районунун малчылыры талаштын айынан жолду бууп, жакалашып урушканга чейин жетишти. Милиция менен облустук бийлик бул кырдаалды эки жылдан бери чече албай келет. Бул көрүнүш малчыларга кылмыш иши да козголгон учурга жеткирди.
Кытайдан жүк ташыган айрым айдоочулар «бажы бекетинде бирдей мамиле болбой жатат» деп нааразы.
Анарбүбү Осмонова Ат-Башыда туулуп-өскөнү менен жаштыгын Өзбекстанда өткөргөн. Союз кезинде өмүрлүк жолдошу менен Өзбекстандын Зарафшан шаарына иштеп кетишип, 2012-жылы кайра Ат-Башы районунун Ак-Муз айылына көчүп келишкен. 2010-жылы июнь коогасында Өзбекстанда болушкан.
Дагы жүктөңүз