12-майдын аба ырайы

Бишкек.

12-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 26…31;

Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 25…30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 18...23;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4...+1, күндүз 5...10.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 27…29 градус болот.

Дагы караңыз

Индия менен Пакистан атышпоо келишими бузулганы үчүн бирин бири айыптады"Армия же депортация". Орусияда мигранттар кантип тузакка түшүүдө?Путин атышууну 30 күнгө токтотуу тууралуу сунушка макулдугун билдирген жокТИМ Азамат Нурмат уулу боюнча маселе өзгөчө көзөмөлдө турганын билдирди